Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин: Россиянын бүтүндүгүн сакташ үчүн бардык мүмкүнчүлүк колдонулат

Аскерге чакыруу бүгүн, 21-сентябрда, башталат.
Sputnik
БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Аймактын бүтүндүгүнө коопсуздук жаралган учурда Россия колунда болгон бардык мүмкүнчүлүктү пайдаланат. Бул тууралуу Россия лидери Владимир Путин Донбасс боюнча кайрылуусунда айтты.
"Биздин өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө коопсуздук жаралганда Россияны, элибизди коргоо үчүн биз колубузда болгон каражатты сөзсүз пайдаланабыз. Бул жөн эле айтылган куру сөз эмес", — деди Путин.
Анын айтымына караганда, жарандар Россиянын бүтүндүгүнүн, эркиндигинин, көз карандысыздыгынын сакталышына кабатыр болбошу керек, себеби ал "колдо болгон бардык каражаттар" менен камсыздалат.
Эске салсак, Путин аскерге милдеттүү адамдарды жарым-жартылай мобилизация кылуу туурасында жарлыкка кол койду. Аскерге чакыруу бүгүн, 21-сентябрда, баштала турганы маалым болду.
Путин: Россия Донбассты коргоо милдетин аягына чейин аткарат