БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Россия эгемендүүлүгүн убактылуу болсо дагы алсыратпашы керек. Бул өтө кооптуу экенин тарых көрсөттү. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин билдирди.
Ал бул сөзүн Россия мамлекеттүүлүгүнүн 1 160 жылдыгына арналган гала-концертте айтты.
"1 160 жыл ичинде биз өзүбүздү, эгемендүүлүгүбүздү кичине убакытка дагы бош кармабашыбыз керек экенин түшүндүк. Мындай мезгилде Россиянын жашоосуна коркунуч туулат", — деди ал.
Ал мындай каталар мындан ары кайталанбай турганын баса белгиледи.
"Биз шантажга жана коркутууга алдырбайбыз, эч качан эгемендүүлүгүбүздү жоготпойбуз. Эгемендүүлүк — ар бир адамдын эркиндигинин кепилдиги", — деди президент.