Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин: Батыштын максаты — Россияны жок кылуу

Президент мурдараак Батыш өзүнүн антироссиялык агрессиялуу саясатында чектен ашып кеткендигин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Батыштын максаты — Россиянын шайын алып, андан соң жок кылуу экенин РФ президенти Владимир Путин Донбасс боюнча кайрылуусунда айтты.
"Алар 1991-жылы Советтер Союзун таратып, эми кезек Россияга келгендигин ачык эле айтып жатышат. Биздин мамлекетти касташкан аймактар менен облуска бөлүнүп кетишин каалашат. Бул тууралуу алар эбактан бери ойлонуп келишет. Кавказдагы уюшулган террорчулардын бандалык тобун колдошту, НАТОнун кол сала турган инфраструктурасын биздин чек арага чейин алып келишти", — деди Путин.
Анын айтымына караганда, Батыш русофобияны түптөдү, анын ичинде ондогон жылдар бою аракет кылып Россияга жек көрүүчүлүктү жаратышты, биринчи иретте бул Украинада пайда болду. Себеби дал ушул жерде антироссиялык плацдармды даярдашты. Ал эми Украина элинин өзүн батыш күчтөрү Россия менен согушууга түртүп, кандуу булоонго салып берди. Куралдуу күчтөрдү жарандарга каршы коюп, геноцид, блокада уюштуруп муну 2014-жылы эле башташкан. Мамлекеттик төңкөрүштөн кийин бийликти тааныгысы келбеген кишилерге карата террорлук иштер жасалгандыгын Россия президенти кайрылуусунда кошумчалады.
"Биздин элибиздин тарыхында дүйнөнү бийлеп алууга умтулгандарды, мекенибизди кулга айлантып, бөлүп-жарам дегендерди токтотуп келгенбиз. Муну азыр да жасайбыз. Дал ошондой болот. Сиздердин колдооңуздарга ишенем", — деген Путин.
Президент мурдараак Батыш өзүнүн антироссиялык агрессиялуу саясатында чектен ашып кеткендигин белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Шойгу: Украина менен эмес, жамааттык Батыш менен согушуп жатабыз