Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Өмүрзаков: чек арада бардык аскер эрдик көрсөттү, бирөөнү эле баатыр дебейли

Эл өкүлү бир адамдын эрдигин даңазалап, башкаларды көз жаздымда калтыруу туура эмес деп эсептейт.
Sputnik
БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусунан улам кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта курман болгон жоокерлердин эрдигин калыс карап, баатырлыкка көрсөтүү керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Сүйүн Өмүрзаков билдирди.

"Депутаттар бир жоокер жакшы иштеди, ага баатыр наамын ыйгарышыбыз керек деп жатышат. Бирок чек арада бардыгы эрдик көрсөттү. Ошон үчүн ушул сөздөн алыс болуп турсак, себеби ата-энелери баарын карап турат. Бүгүнкү күндө бирин жакшы, бирин жаман дебейли. Алардын баары эң жакшы иштеп, мекенин коргоду. Комиссия иштеп, убакыт-сааты келгенде ким кандай эрдик көрсөткөнүн аныктайт", — деди Өмүрзаков.

Белгилей кетсек, буга чейин эл өкүлү Нурлан Шакиев курчоодо калып, туткунга түшпөс үчүн өзүн жардырып, 5-6 тажик аскерин да "ала кеткен" жоокер Эламан Ураимовго Кыргыз Эл Баатыры наамын берүүнү сунуштаган.
Депутат Рахмонду "Бишкектин ардактуу атуулу" наамынан ажыратууну сунуштады