Нурлан Мотуевдин сабалышы. Шектүү кармалып, ур-токмоктун себеби айтылды

Колго түшкөн адам буга чейин каракчылык жана автоунаа уурдоо боюнча соттолгон.
Sputnik
БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Блогер Нурлан Мотуевди сабоого шектелген киши кармалганын ИИМ билдирди.
Мотуев милицияга кайрылып, 18-сентябрь күнү жума намаздын алдында үч белгисиз адам аны ур-токмокко алганын кабарлаган. Жабырлануучунун айтымында, сабагандар 32 миң сом акча, Samsung үлгүсүндөгү телефон, паспорт жана пенсиялык күбөлүк салынган барсеткасын алып кетишкен. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинин ("Каракчылык") негизинде кылмыш иши козголгон.
Шектүү кармалды. ИИМ анын буга чейин каракчылык кылып, автоунаа уурдаганы үчүн соттолуп чыкканын кабарлады. Колго түшкөн киши Мотуев менен жазасын өтөп жаткан №32 колонияда таанышкан.
Шектүү адам Мотуев менен талаш маселеси бар экенин, андан өч алууну көксөп жүргөнүн айткан. Ал мечитке эки таанышы менен келген, алар азыр издөөдө. Кармалган киши айдап жүргөн автоунаанын уурдалганы аныкталып, айып короого токтотулду.
Бишкек: Кытай жаранын дрон менен аңдып карактады делген эки чет элдик кармалды