Жол кырсыгына кептейт. Невролог энергетикалык суусундуктун зыянын айтты

Адистин пикиринде, суусундуктун курамындагы кофеин кандын уюп калышына алып келет.
Sputnik
БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Энергетикалык суусундуктардын ден соолукка кандай зыяны бар экенин невролог Павел Хорошевге шилтеме берип "Известия" басылмасы жазды.
Адистин пикиринде, энергетикалык суусундукту көп ичкендердин кан басымы жогорулап, уйкусунун цикли бузулат. Организм суюктукту көп жоготуп, тамак сиңирүү системасында көйгөй жаралат.
"Айрым айдоочулар рулда уктап калбайын деп мындай суусундуктарды ичишет. Бирок бул чоң жаңылыштык. Ал, тескерисинче, адамдын кырсыкка кабылуу коркунучун бир топ жогорулатат. Алгач жүрөктө толкундоо пайда болуп, бара-бара организм күтүүсүз маневрларды жасап калышы мүмкүн", — деди Хорошев.
Адистердин корутундусуна ылайык, суусундуктун курамындагы кофеин кандын уюп калышына дагы алып келет.
"Ал эми кайсы бир жерде кан уюп калса, жүрөк капысынан эле токтоп калышы толук ыктымал", — деди дарыгер.
Сөзүнүн аягында ал энергетикалык суусундуктар кан айлануу жана нерв системасынан тышкары гормоналдык системаны дагы бузган учурлар байкалып жатканын кошумчалады.
Кыргызстанда энергетикалык суусундуктарга акциз салыгы салына баштайт