БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондон былтыркы жолугушуудан кийин эле түңүлгөн. Бул тууралуу Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов "Ала-Тоо 24" каналына берген маегинде айткан.
Иманкулов Рахмон Садыр Жапаров менен Өзбекстанда жолукканда да чек ара маселеси боюнча эч кандай реакция кылбаганын белгиледи.
"Чек арада кагылышуу башталганда Садыр Жапаров Өзбекстанда Эмомали Рахмон менен жолукту. Ал кишиде эч кандай реакция болгон эмес. Атышуу болуп жаткан жерге Чек ара кызматынын жетекчиси менен УКМК жетекчиси келди. Алар буйрук берип токтотуп коюуга укугу бар эле, бирок анткен жок. Себеби жогору жактан андай буйрук болгон эмес. Былтыркы кагылышуудан кийин дагы Садыр Жапаров элдин сын-пикирине карабай Рахмон менен сүйлөшүүгө барган. Келгенден кийин Тажикстан президентинен түңүлгөнүн, аны менен сүйлөшүүгө мүмкүн эмес экенин айткан", — деди Иманкулов.
Тажикстандын Кыргызстанга баскынчылыгы
Тажик тараптын кол салуусунан 59 кыргызстандык набыт болду, арасында жай тургундар, жаш балдар бар. 169 киши ар кандай жаракат алган, оор абалдагылар Ош жана Бишкектеги ооруканаларга жеткирилип жатат.
14-сентябрь күнү тажик аскерлери Баткенде чек арага жакын аймактарга ок чыгарып, сүйлөшүүдөн кийин токтогон болчу. Бирок 16-сентябрдын таңында Баткен облусунун бардык чек ара тилкесин аткылап кирген. Кагылышууга тажик аскерлери эле эмес, жалданма топтор дагы аралашкан.
Кыргызстандын Чек ара кызматы күч түзүмдөрү тажик тарап КР аймагын басып алуу максатында оор техникаларды, авиация, "Град" ракеталык системасын колдонуп жатканын кабарлады.
Эки өлкөнүн УКМК төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов атышууну токтотууга макулдашкан. Бирок ага карабай тажик тарап кайра ок чыгарган. Миномёттун снаряддары Баткен шаарынын чок ортосуна дагы түшүп жатты.
17-сентябрда Оштун Чоң-Алай районундагы заставаларды аткылай баштаган.
Тажикстандын аскерлери, жөнөкөй жарандары жана белгисиз топтор Баткен менен Лейлек райондорундагы ондогон үйлөрдү, социалдык объектилерди, дүкөндөрдү талап-тоноп, өрттөп кетишкен.
18-сентябрда атышуу токтоду, бирок абал толук турукташа элек.
Кыргызстан расмий түрдө окуяны "Тажикстандын алдын ала даярдалган агрессиялык куралдуу кол салуусу" деп атады. Садыр Жапаров дагы БУУнун сессиясында бүт дүйнөгө тажик тарап Кыргызстанга чыккынчылык менен кол салганын белгиледи.
Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкуловдун берген маалыматы боюнча, Тажикстан Куралдуу күчтөрү 200дөй жоокеринен айрылган, дагы 400дөйү жарадар болду.