Быйыл республикалык бюджеттен асыл тукум малды лизингге берүүгө 500 миллион сом бөлүнгөн. Ал үчүн фермерлер "Айыл банкка" кайрылып, 10 пайызга чейин баштапкы төлөмүн берип мал ала алат. Бул тууралуу Мыктыбек Каландаров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, министрлик малды лизингге берүү долбоорун кеңейтип, натыйжалуулугун арттырып, сандан сапатка өтүү кадамын жасады.
"Айыл чарба министрлиги өлкөдө асыл тукум чарбаларын көбөйтүү максатын көздөп, жарандарга малды лизинг шартында берип баштайт. Быйыл республикалык бюджеттен асыл тукум малды лизингге берүүгө 500 миллион сом бөлүнгөн. Ал үчүн фермерлер "Айыл банкка" кайрылып, 10 пайызга чейин баштапкы төлөмүн берип мал ала алат. Долбоор сырттан алып келинген сүт жана эт багытындагы ири мүйүздүү асыл тукум малды жергиликтүү шартта багып, санын көбөйтүү менен эт жана сүт азыктарынын сапатын жогорулатып, жергиликтүү калктын ден соолугуна камкордук көрүү, ошондой эле сүт азыктарын кайра иштетүүнү жөнгө салуу аркылуу асыл тукум чарбаларын көбөйтүү максатын көздөйт. Айыл чарба министрлиги "Айыл банктын" өкүлдөрүнө асыл тукум малды аныктоодогу талаптар, алынып келген малды тиешелүү ветеринардык-техникалык көзөмөлдөн өткөрүү маселелери боюнча жардамдашат", — деди Каландаров.
Ошондой эле адис фермерлерге жеңилдетилген лизинг жети жылга берилерин кошумчалады.