Кыргызстанда россиялык билим берүү жумалыгы өтөт. График

Россияда бюджеттик негизде окууну каалагандар үчүн Бишкек менен Оштогу Россиянын маданият жана илим борборунда консультациялар уюштурулат.
Sputnik
БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Кыргызстанда 21-27-сентябрь күндөрү россиялык билим берүү жумалыгы өтүп, 1-октябрдан тарта россиялык жогорку окуу жайларына бюджеттик орун үчүн документтерди кабыл алуу башталат. Бул тууралуу Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борбору кабарлады.
Иш-чарада болочок студенттер үчүн бир нече шаардагы жогорку окуу жайларынын программаларынын презентациясы, көргөзмөлөр камтылган.
Күнү:
Бишкек — 21 жана 26-сентябрь;
Кант, Токмок — 22-сентябрь;
Россиянын Бишкек менен Оштогу илим жана маданият борбору — 23-25-сентябрь.
Көргөзмө менен консультациялардын так убакыт-саатын http://uchebarf.kg сайты аркылуу жана борбордун соцтармактагы баракчаларынан билүүгө болот.
Министрлик: Россия кура турган мектептер жаңы стандарттарды көрсөтүп берет