Кыргызстанда коргонуу жаатында кыргыз-түрк ишканасын ачуу каралууда

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Коргонуу өнөр жай агенттигинин жетекчиси менен жолукту.
Sputnik
БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Кыргызстанда коргонуу жаатында кыргыз-түрк ишканасы ачылышы мүмкүн. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев 19-сентябрда Коргонуу өнөр жайы агенттигинин жетекчиси Исмаил Демир менен жолуккан.
"Жолугушуу учурунда коргонуу тармагындагы эки тараптуу кызматташуу, анын ичинде Кыргызстандын аймагында кыргыз-түрк ишканасын ачуу талкууланды", — деп айтылган маалыматта.
Кыргызстандык аскерлердин Түркиядагы машыгуусу. Видео