Тажикстанда беш жылга созулган жарандык согуштан улам миңдеген тажик жараны Кыргызстандан баш паанек таап аман калган. Ал жылдары Өзбекстан чек арасын толук жаап салган эле. Үй-жайы, мал-мүлкү жок калган коңшуларды кыргыздар тосуп алып тамак-ашын берип, кыргыз өкмөтү аларга жер тилке, айдоо аянттарын бөлүп, эл аралык уюмдар аркылуу азык-түлүк, үрөн, кой-эчки, курулуш материалдары менен камсыздаган. Алардын арасында коңшу республикада жашаган этникалык кыргыздар да болгон.
Тажикстандын расмий бийлиги менен Бириккен тажик оппозициясынын ортосундагы тиреш 1997-жылы соңуна чыкканда качкындардын айрымдары учак, автоунаа менен Тажикстанга жеткирилген. Дагы бири Кыргызстанды экинчи мекени деп эсептеп биротоло калып калган.
Эске сала кетсек, Тажикстандагы куралдуу кагылыштан 100 миңден ашык жаран каза болуп, бир миллиондон ашык тургун үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болгон. 1997-жылы Кыргызстандын ортомчулугунун аркасында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Бириккен тажик оппозициянын лидери Саид Абдулло Нури меморандумга жана протоколго кол коюп, өлкөдө тынчтык орной баштаган.
Тема боюнча: