Forbes: Европага дагы бир кооптуулук жакындап келе жатат

Азот жер семирткичтерин даярдоодо европалык компаниялар жаратылыш газын колдонуп келет, бирок анын баасы кескин кымбаттады.
Sputnik
БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Европалык компаниялар Россиядан келген жаратылыш газы, энергоресурстар тартыш болгондуктан жер семирткичтерди өндүрүүнү азайтып жатат. Бул тууралуу Forbes жазган.
"Евробиримдиктин акыркы "жетишкендиктери" өзүн-өзү аксатышы болду", — деген басылма.
"Түндүк агым" газ түтүктөрүн ишке киргизүү токтотулгандан кийин газдын баасы асмандады. Ал эми азот жер семирткичтерин даярдоодо европалык компаниялар жаратылыш газын колдонуп келгендиктен абал өзүнөн-өзү түшүнүктүү. Өндүрүш көлөмү улам кыскарып баратканы айтылды.
Антироссиялык санкциялар жер семирткичтин баасын алтынга тете кылууда. РФтен бул товарда импорттоого тыюу салынбаганы менен, өндүрүштүн темпин азайтып, башка өлкөлөргө чыгарууга чек коюшту.
Радио
Агроном: дүйнө Россиянын жер семирткичтерине муктаж