Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Парламентте Эламан Ураимовго Кыргыз Эл Баатыры наамын берүү сунушталды

Эл өкүлү набыт болгон аскерлердин ысымын көчөлөргө, шаар, райондорго да ыйгарууну демилгеледи.
Sputnik
БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Шакиев Баткенде курман болгон Эламан Ураимовго Кыргыз Эл Баатыры наамын берүүнү сунуштады.
Эл өкүлү Баткенде курман болгон аскерлер Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон Чолпонбай Түлөбердиевдин, Дүйшөнкул Шопоковдун эрдигин кайталашканын белгиледи.
Мындан улам набыт болгон аскерлердин ысымын көчөлөргө, шаар, райондорго ыйгарууну демилгеледи. Ал эми жоокерлерин сактап калыш үчүн өз жанын садага чапкан Эламан Ураимовго эң жогорку даражадагы Кыргыз Эл Баатыры наамын берүү максатка ылайык экенин айтты. Мындай кадамдар аскерлерге дем-күч берерин, өткөндөр унутулбай баркталарына токтолду.
Чек арадагы кагылышта курман болгон 29 жаштагы аскер, батальондун командири Эламан Ураимов Кара-Суу районунун Савай айылында туулган. Жакындарынын айтымында, ал курчоодо калып, туткунга түшпөс үчүн өзүн жардырып, 5-6 тажик аскерин да "ала кеткен".
Депутат Рахмонду "Бишкектин ардактуу атуулу" наамынан ажыратууну сунуштады