ЕАЭБ улуттук валюта менен эсептешүү боюнча ШКУга көмөктөшүүгө даяр

ШКУ саммитинде өз ара эсептешүүдө улуттук валютанын үлүшүн көбөйтүү боюнча жол картага кол коюлган.
Sputnik
БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Евразия экономикалык биримдиги Шанхай кызматташтык уюмундагы мамлекеттерге улуттук валюта менен эсептешүү жаатында жардам берүүгө даяр. Бул туурасында ЕЭК коллегиясынын төрагасынын кеңешчиси Владимир Ковалев Sputnik агенттигинин аянтчасындагы видеокөпүрөдө билдирди.
Ал Самаркандда өткөн саммиттин жыйынтыгында өз ара эсептешүүдө улуттук валютанын үлүшүн көбөйтүү боюнча жол картага кол коюлганын белгиледи.
Комиссиянын өкүлү бул багытта алгоритм ЕАЭБде иштелип чыкканын, эсептешүүлөрдүн 74 пайызы улуттук валютада жүргүзүлөрүн айтып өттү.
"Биз ШКУ мамлекеттериндеги кесиптештерибизге ЕАЭБдин ичинде жолго коюлуп эффективдүү иштеп жаткан алгоритмдерди жана чечимдерди сунуштоого даярбыз. Учурда өзүбүздүн сунуштаманы даярдап жатабыз, жакынкы арада алып чыгабыз", — деди Ковалев.
Ошондой эле ал ШКУнун ичинде позитивдүү тенденция болуп жатканын белгиледи. Мисалы, 2015-жылдан бери Россия менен Кытайдын ортосунда доллар менен эсептешүүнүн көлөмү эки эсе азайып, рублдин үлүшү өсүп жатат. Өткөн жылы Россия менен Индиянын соода алакасында рублдин үлүшү 50 пайызга жогорулаган.
Москва биржасы кыргыз сому менен соода жүргүзө баштайт