Депутат "Асман" шаарын токтотуп, абадан коргонуучу система алууну сунуштады

Эл өкүлү мамлекеттин бүтүндүгүн сактоо үчүн бүт күчтү жумшоо зарыл деп эсептейт.
Sputnik
БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу өлкөнүн коопсуздугун камсыздоо үчүн ири долбоорлорду токтото турууну демилгеледи.
Эл өкүлү Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон өзүнүн бийлигин кармап калуу үчүн бардык күч аракетин жумшап, чет өлкөдөн эл аралык террорчуларды алып келип жатканын белгилеген.
"Рахмон Кыргызстанды душман катары көрсөтүп элинин көңүлүн бурдургусу келип жатат. Андыктан биз мега долбоорлорду, "Асман" шаарын, футбол стадионун курууну токтотуп туруп абадан коргонуучу системаларды сатып алышыбыз керек. Мамлекеттин бүтүндүгү үчүн бүт күчтү жумшоо зарыл", — деди Коргонбай уулу.
Ошондой эле ал Тажикстандын агрессиясы боюнча Эл аралык аскер трибуналына кайрылууга чакырды.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Түлөбаев: тажик аскерлери Кыргызстанга машыгууга келбесин, биз дагы жөнөтпөйлү