Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Чек арада түн тынч өттү, аймакта сапёрлор иштеп жатат

Баткен облусундагы аскер кызматкерлери
Чек ара кызматынын өкүлдөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. 21-сентябрга караган түн кыргыз-тажик чек арасында тынч өттү, терс окуялар катталган жок. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдирди.
Маалыматка караганда, саат 09:00гө карата чек арада абал туруктуу, бирок чыңалуу элементтери сакталып турат.
Мекеме 20-сентябрдан тарта чек арага жакын аймактарда жарылбай калган ок-дары, мина, снаряд жана башка жардыргыч заттарды аныктоо, табуу жана зыянсыздандыруу иштери жүрөрүн эскерткен. Чек ара кызматынын өкүлдөрү аталган жерлерде күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө.
Президент Садыр Жапаров бүгүн БУУнун трибунасында сөз сүйлөө учурунда
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
"Агрессия". С.Жапаров БУУ трибунасынан Тажикстандын Кыргызстанга кол салганын айтты