Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Чек арадагы жаңжалда жоголгон документтер акысыз калыбына келтирилет

Документ жасоо үчүн атайын мобилдик топтор түзүлгөнү айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Санариптик өнүктүрүү министрлиги Баткенде чек ара жаңжалында жоголгон документтерди акысыз калыбына келтирип берет. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, документтерди кайра жасоо үчүн "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын Баткен, Кадамжай, Лейлек райондорунун бөлүмдөрүндө иштеген кызматкерлерден мобилдик топ түзүлдү.
"Алар жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрүнүн жардамы менен документ жоготкондордун тизмесин түзөт", — деп жазылат маалыматта.
Лейлек районунун Кулунду айылы жана Баткен районунун Самаркандек айылынан башка бардык калкты тейлөө борборлору 19-сентябрдан тарта штаттык режимде иштей баштаганы кошумчаланды.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Тажикстандын кол салуусу: Баткенде 10 мектеп, 7 бала бакча жараксыз болуп калды