Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Ташиев менен Ятимовдун жолугушуусунда макулдашылган маселелер. Видео

Документте 14-16-сентябрда болгон окуяларды тыкыр иликтеп чыгуу да көрсөтүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. 19-сентябрь күнү кечинде УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев тажикстандык кесиптеши Саймумин Ятимов менен жолукту. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Жолугушууда Ятимов эки тарап тил табышканын айтып, эми тынчтык орнойт деген ишенимин билдирген. Ал эми Камчыбек Ташиев тынчтык орнотуу үчүн болгон күч-аракеттер жумшала турганын белгилеген.
Тараптар кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды басаңдатуу жана күч түзүмдөрү менен аскердик техникаларды туруктуу ордуна алып кетүү боюнча протоколго кол коюшкан.
Документтеги урунттуу учурлар:
согуштук аракеттерди толук токтотуу;
аскерлерди жана аскердик техниканы алардын туруктуу жайгаштырылган жерине жеткирүү;
14-16-сентябрда болгон окуяларды тыкыр иликтеп чыгуу.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Кыргыз-тажик чек арасында кырдаал салыштырмалуу туруктуу