Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

"Агрессия". С.Жапаров БУУ трибунасынан Тажикстандын Кыргызстанга кол салганын айтты

Мамлекет башчы тажик тарап мурда сүйлөшүлгөн макулдашууларды бузганын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн БУУнун трибунасында, аталган уюмдун Ассамблеясынын 77-сессиясынын жалпы дебаттарында кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал туурасында сүйлөп, Тажикстан тараптын эч кандай себепсиз, куралдуу агрессиялык жүзүкаралык акцияларды жасап жаткандыгын билдирди.

"Белгилей кетсем, 2021-жылдын апрелинде Тажикстандын куралдуу күчтөрү биздин аймагыбызга негизсиз эле масштабдуу агрессия жасады, анын кесепетинен 36 жараныбыз курман болуп, олуттуу материалдык зыян келтирилди... Ал эми ушул жылдын 14-15-16-сентябрында Кыргызстандын түштүгүндө масштабдуу аскердик кагылышуу болгондугун терең кайгыруу менен кабарлайм. Мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, тажик тарап, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасады", — деди Жапаров.

Анткен менен Жапаров кепке келүү, сүйлөшүүгө Кыргызстан даяр экендигин айтты.
"Тажик кошунабыз менен кандай гана форматта болбосун, эл аралык эрежелердин негизинде, цивилизациялуу юридикалык жолдор менен сүйлөшүү процессин улантууга даярбыз", — деп белгиледи Жапаров.
Төмөндө Жапаровдун Бириккен Улуттар Уюмунун трибунасынан сүйлөгөн сөзүн толугу менен беребиз.
"Учурдан пайдаланып ушул бийик трибунадан дүйнө коомчулугунун назарына кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалдын кезектеги курчушуна байланыштуу соңку окуяларды эске алып, өлкөбүздүн түштүк чек арасында түзүлгөн жагдайларды билдиргим келет.
Адегенде, тарыхка кыскача токтоло кетейин. Советтер Союзу юридикалык жактан 1991-жылдын 21-декабрында Казакстандын Алма-Ата шаарында тараган. Мында 11 көз карандысыз мамлекеттин башчылары "Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигин түзүү жөнүндө" Алма-Ата Декларациясын кабыл алышкан.
Декларацияда көз карандысыз мамлекеттер бири-биринин аймактык бүтүндүгүн жана учурдагы чек араларынын бузулбастыгын тааныйт жана урматтайт деп белгиленген.
Алар "достук, ынак коңшулук жана өз ара пайдалуу кызматташтык мамилелеринин терең тарыхый тамырын бекемдөө элдердин негизги кызыкчылыктарына жооп берет, тынчтык жана коопсуздук ишине кызмат кылат" деп көрсөтүшкөн. Өлкөлөр "жарандык тынчтыкты жана улут аралык ынтымакты сактоо үчүн өзүнүн жоопкерчилигин" сезет деп жазылган.
Бул юридикалык документке Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин 11 мамлекетинин президенттери, анын ичинде Тажикстандын президенти да кол койгон.
Андан кийин 1994-жылдын 15-апрелинде "Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин суверендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн жана чек араларынын кол тийгистигин сактоо жөнүндө" Москва Декларациясында бул принципти Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон өзү да ырастаган. Кол коюп, макул болгон. Бирок азыр ал принциптен тайып жатканы өкүнүчтүү.
Ал Тажикстандагы кандуу жарандык согуш аяктагандан кийин 1998-жылы биринчи расмий иш сапарын Кыргызстанга жасаган.
Кийин эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу мамлекеттер аралык эки келишим:
1996-жылдын 12-июлундагы "Мамлекеттер аралык мамилелердин негиздери" жөнүндө келишим жана 2004-жылдын 26-майындагы "Ынак коңшулук жана өнөктөштүк мамилелер" жөнүндө келишим түзүлгөн. Эки келишим тең Дүйшөмбү шаарында кол коюлгандыгын белгилеп кетким келет.
Эки мамлекеттин ортосундагы чек ара маселелерин жөнгө салуу боюнча иш башталгандан тартып кыргыз тарап дайыма өзүнө алган эл аралык милдеттенмелерге, анын ичинде эки тараптуу милдеттенмелерге ылайык иш жүргүзүп, өз ара пайдалуу компромисстерди сунуштоого аракет кылып, конструктивдүү маанайдагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келебиз. Белгилей кетсем, 2021-жылдын апрелинде Тажикстандын куралдуу күчтөрү биздин аймагыбызга негизсиз эле масштабдуу агрессия жасады, анын кесепетинен 36 жараныбыз курман болуп, олуттуу материалдык зыян келтирилди.
Кыргыз калкымдын сынына кабылсам да, ортолук аянтта жолук деген талапты коюшкан 2021-жылдын июнунда Дүйшөмбү шаарына учуп барып, чек ара боюнча өз ара пайдалуу чечимди табууга аракет кылып, президент Рахмон менен жолугуштум. Элим үчүн мен сүйлөшүүлөргө, ошол күндөгүдөй он саат гана коротпостон, бул маселени биротоло чечүү үчүн канча болсо да убактымды дагы деле коротууга даярмын. Албетте, кандай чечим болсо дагы өз ара эки тарапка пайдалуу чечим болушу керек. Ал эми ушул жылдын 14- 15-16-сентябрында Кыргызстандын түштүгүндө масштабдуу аскердик кагылышуу болгондугун терең кайгыруу менен кабарлайм.
Мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, тажик тарап, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасады. 140 миңге жакын жараныбыз чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланды. Аларга керектүү жардамдар көрсөтүлүп жатат.
Ушуга байланыштуу тилектештик жана моралдык колдоо көрсөткөндүгү үчүн БУУ системасына, досторубузга, өнөктөштөрүбүзгө ыраазычылык билдирем.
Жарандык жана аскердик объекттерге: үйлөргө, административдик имараттарга, мектептерге, чек ара тозотторуна чоң материалдык зыян келтирилди. Кандай гана болбосун материалдык зыяндын ордун толтурса болот экен. Бирок өз өмүрүн аябастан Мекени үчүн согушуп курман болгон биздин эр жүрөк жоокерлерибиздин, аткылоого кабылган жарандарыбыздын ордун толтура албайт экенсиң. Биз каарман жоокерлерибиздин эрдиктерин эч качан унутпайбыз.
Тажикстан тараптын эч кандай себепсиз эле жасаган ушундай куралдуу агрессиялык жүзүкаралык акциялары бизди өтө капа кылууда, анткени биздин өлкөлөрдүн ортосунда эл аралык келишимдер жана милдеттенмелер түзүлгөн болчу.
Биз тажик кошунабыз менен кандай гана форматта болбосун, эл аралык эрежелердин негизинде, цивилизациялуу юридикалык жолдор менен сүйлөшүү процессин улантууга даярбыз. Коңшубуздун мыйзамга каршы соңку аракеттеринин кесепетинен биздин ишенимибиз солгундап кеткендигин эске алып, биз сүйлөшүүлөрдү улантууга эл аралык, анын ичинде БУУ, Европа кызматташтык жана коопсуздук уюму, Жамааттык коопсуздук кызматташтык уюму сыяктуу уюмдардын ортомчулугуна да даярбыз.
Бизде тажик тараптын өткөн жылдарда жана кечээки жасаган укукка каршы биринчилерден болуп кол салган иш-аракеттеринин документтештирилген далилдери бар. Биз эч качан биринчи болуп кол салган эмеспиз жана кол салбайбыз. Ар дайым курал колдонуудан алыс болууга аракет жасап келебиз жана эч качан куралсыз жай тургундарды атпайбыз. Бизге дайыма тажик тараптын жасаган агрессиясына адекваттуу жооп кайтаруу менен гана чектелип жатабыз. Кыргыз тарап бөтөн жерге көз артпайбыз, бирок бир да сантиметр өз жерибизди бирөөгө бербейбиз. Биз бардык чек ара жана чарба маселелери сүйлөшүүлөр менен гана чечилиши керек деп эсептейбиз.
Бүгүнкү күндө чек арага жакын райондордо коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү, жергиликтүү калк арасында чыңалууну күчөтүүгө багытталган ар кандай аракеттерге бөгөт коюу, эки мамлекеттин ортосундагы ишенимди бекемдөө маселелери абдан маанилүү болуп турат.
Ошондуктан биз сүйлөшүүлөргө, чек ара тилкелерибизди тез арада такташып бүтүүгө дайым даярбыз.
Мекенинен качып Кыргызстандан тынчтык тапкан тажик эли. Тарыхый ирмемдер