Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Ошко эвакуациялангандар көбөйүүдө, мэрия турак жай берчүлөргө кайрылды

Калаанын борбордук аянтында штаб күнү-түнү иштеп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Ош мэриясы Баткен облусунан эвакуацияланган тургундардын көп келип жаткандыгына байланыштуу шаар тургундарына кайрылуу жасады.
Мекендештерди кабыл алууну каалаган уюмдарды жана жарандарды борбордук аянтта жайгашкан штабга кайрылууга чакырды. Штаб күнү-түнү иштейт, (0557) 056-056 номери аркылуу да маалымат алса болот.
Штабда мэриянын кызматкерлери, жаш активисттер, ыктыярчылар, медицина кызматкерлеринин бригадасы, ошондой эле кичи автобустар нөөмөттө турушат. Алар келген жарандарды тосуп алып, убактылуу жашоочу пунктуларга жеткирип жатат. Алар жайгаштырылгандан кийин ысык тамак берилип, психологиялык жана квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Бардык муктаждыктары эске алынып, керектүү гигиеналык каражаттар, самын жана жуунуучу каражаттар менен камсыздалат.
Жалпысынан Ошко Баткенден келген 2500дөн ашуун тургун жайгаштырылган.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Тажикстандын кол салуусу: Баткенде 10 мектеп, 7 бала бакча жараксыз болуп калды