Мекенинен качып Кыргызстандан тынчтык тапкан тажик эли. Тарыхый ирмемдер

Тажикстанда 1992-97-жылдар аралыгында жарандык согуш болуп, кан жуткан эл Кыргызстанга качкан. Sputnik Кыргызстан агенттиги ошол жылдардагы ирмемдерди сунуштайт.
Sputnik
Тажикстандын расмий бийлиги менен Бириккен тажик оппозициясынын ортосундагы тиреш жарандык согушка айланып, ал беш жылга созулган. Согуштан качкан кичинекей балдар, аялдар, улгайгандар 1993-жылы Чоң-Алай районунун Карамык айылы аркылуу Кыргызстанга жанын арачалап калган. Аларды жергиликтүү бийлик органдары, аскер кызматкерлери тосуп алып жайгаштырып, тамак-ашын берип камкордугуна алган. Кийин өздөрүнүн суранычы менен Ош — Баткен жолу менен Тажикстандын тынч райондоруна жеткиришкен.
Андан сырткары, тынчтыкты эңсеген тажикстандыктар Бишкек, Ош шаарларына, Чүй облусуна чейин келип, кээси өз тиричилигин улантып бул жакта туруктуу жашап калган.
1 / 12

Чүй облусунун Сокулук районуна келген тажикстандык качкындар, 90-жылдар

2 / 12

Чүйдүн Жаңы-Пахта айылына келген качкындар. 1993-жыл

3 / 12

Тажикстандыктар Бишкекке келген учур

4 / 12

Кыргызстанга качып келгендерге жергиликтүүлөр жер тилкесин бөлүп берип, отун-суусун даярдашып, ар тараптан колдоо көрсөткөн

5 / 12

Тажикстандык качкындар. Кыргызстандан баш паанек тапкан аял тандырда нан жаап жаткан учуру. Жайыл району, Сосновка айылы

6 / 12

Коңшу эл Кыргызстанга жөө-жалаңдап келген. Ал жылдары Борбор Азиядагы башка өлкөлөр чек арасын жаап салган

7 / 12

Тажикстандагы жарандык согуштан жапа чегип Бишкекке келгендер. 2000-жыл

8 / 12

Тажик жергесинен этникалык кыргыздар да көчүп келген

9 / 12

Темир жол бекетинин жанындагы тажикстандык бөбөктөр. 1993-жыл

10 / 12

Бишкектеги тажикстандык качкындардын чатыры. 1993-жыл

11 / 12

Ал жылдары тажикстандык миңдеген качкын Кыргызстанда коргологон. Айрымдары үчүн Кыргызстан экинчи мекени болуп калды

12 / 12

Тажик качкындарынын кыздары. Бишкек шаары, 1993-жыл

Тема боюнча:
Баскынчылар кол салган Ак-Сайдын эмнеси калды? Баткенден тартылган сүрөттөр
Эмомали Рахмон кыргызстандыктарга берген убадасына турган жок. Видео