Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Кыргыз-тажик чек арасында кырдаал салыштырмалуу туруктуу

Чек ара кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. 20-сентябрь саат 08:30га карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусундагы тилкесинде кырдаал салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.
"20-сентябрга караган түн тынч өттү, терс окуялар катталган жок", — деп айтылат маалыматта.
Эки тараптын жумушчу комиссиялары кырдаалды жөнгө салып, кошумча күч жана каражаттарды чек ара сызыгынан туруктуу жайгашган жерлерине чыгаруу боюнча мурда жетишилген келишимдердин аткарылышын текшерүүнү улантып жатканы кошумчаланды.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Тажикстан барымтага алган төрт аскерди Кыргызстанга кайтарды