Коронавирус пандемиясы бүттү деп айтуу эрте. Инфекционисттин пикири

Буга чейин ДССУ башчысы коронавирус пандемиясы соңуна чыгып бара жатканын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. COVID-19 пандемиясы бүттү деп айтуу азырынча эрте, оору 2023-жылы аякташы ыктымал. Бул тууралуу инфекционист Сергей Вознесенский билдиргенин РИА Новости кабарлады.
"Менимче, биз коронавирус оорусу сезондук илдеттердин катарында деп айта турчу этапка жакындадык. Бирок учурда оору аяктады деген бүтүмгө келүү эртерээк", — деди эксперт.
Анын айтымында, Россияда коронавирустун жеңил деген "омикрон" штаммынын айынан күн сайын 100дөй киши көз жумууда, ошондуктан илдет бир айдан кийин же бир жылдан соң кандай жакка өзгөрө турганын айтуу кыйын.
"Пандемия 2023-жылы аякташы мүмкүн. Бирок жакынкы аралыкта эмес", — деди адис.
Эске салсак, бир жума мурдараак эле Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун генералдык директору Тедрос Адханом Гебрейесус COVID-19 пандемиясы соңуна чыгып бара жатканын айткан.
ДССУ: Коронавируска чалдыккан аялдар эркектерге караганда көбүрөөк ооруп жатат