Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Дүйнөлүк коомчулукту адаштырып жатат. Бишкек Душанбеге катуу жооп кайтарды

Тажикстандын ТИМ башчысы билдирүү жасаган.
Sputnik
БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын ТИМ башчысынын орун басары Содик Имоминин кыргыз-тажик чек арасында кырдаал боюнча билдирүүсүнө жооп кайтарды.

Негизги учурлары:

Мындай жогорку деңгээлдеги дипломаттын чет мамлекеттин ички саясаты жөнүндө кесипкөй эмес жана ойлонбостон айткан пикири, анын ичинде кандайдыр бир сегрегация саясатын жүргүзүүгө орунсуз шилтеме берүүсү чындыкка жана дипломатиялык этиканын элементардык нормаларына жооп бербейт.
Чындыкка дал келбеген, бурмаланган жана жалган маалыматтардын жыйындысы болгон ачыктан-ачык чагымчыл билдирүүлөр ырастоону талап кылбаган бүтүм катары берилүүдө.
Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн уланып жаткандыгы Кыргызстандын эгемендүү аймагын куралдуу күч колдонуу менен басып алууга негиз болбошу керек.
Тажик тараптын дүйнөлүк коомчулукту адаштырууга болгон бардык олдоксон жана эпсиз аракеттерин айтууга болот. Тажикстандын эл аралык укуктун фундаменталдык принциптерин жана нормаларын бузуу менен Кыргызстанга каршы гумандуулукка жатпаган куралдуу агрессиясы факт бойдон калууда.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Тажик улутундагылар басмырланган жок. ИИМ тажик бийлигинин билдирүүсүн төгүндөдү