Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Эрдоган Россиянын аракетин жана атайын операциянын максатын түшүнгөнүн билдирди

Эрдогандын айтымында, Түркиянын аракеттери кагылышуунун тынчтык жолу менен аякташына жумшалат.
Sputnik
БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Өзбекстандагы Шанхай кызматташтык уюмунун самитинин алкагында россиялык кесиптеши Владимир Путин менен сүйлөшүп РФ жетекчилигинин аракеттерин жана Украинадагы атайын операциясынын максатын түшүнгөнүн билдирди. Бул туурасында ал PBS телеканалына берген маегинде айткан.
Эрдоган тараптар барымтадагы адамдарды алмашууга макулдашканын, айыл чарба продукцияларын Россиядан дүйнөлүк рынокко чыгаруу маселеси иштелип жатканын белгилеген.
"Бул, албетте, жакшы, бирок Украинанын түшүнүгү Россия менен бирдей болушу керек", — деди Эрдоган.
Анын айтымында, мындай кырдаалда Түркиянын аракеттери кагылышуунун тынчтык жолу менен аякташына жумшалат.
"Мен бул тууралуу ар дайым сунуштап да, өтүнүп да келгем. Жаңжал жоготууларга алып келди. Адамдар өлө берет, акыр-аягында эч ким жеңбейт", — деп белгилеген Эрдоган.
Эрдоган: Анкара ШКУ саммитине катышканы үчүн ЕБдин алдында жооп бербейт