Радио

Курманбеков: РКӨФ чакан жана орто бизнести колдоо программасын кабыл алды

Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкаруучулугунун мүчөсү Бакыт Курманбеков РКӨФ чакан жана орто бизнести колдоо үчүн жаңы программа кабыл алып, долбоорлорду каржылоону улуттук валютада да жүргүзөрүн айтты.
Sputnik
Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду 2016-жылдан бери орто жана чакан бизнес багыты боюнча 3,2 миң долбоорду каржылады. Бул тууралуу Бакыт Курманбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, фонддун чакан жана орто бизнести колдоо программасы 20 миң доллардан 1 миллион долларга чейинки долбоорлорду коммерциялык банктар аркылуу каржылайт.
"Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) чакан жана орто бизнести колдоо үчүн жаңы программа кабыл алып, долбоорлорду каржылоону улуттук валютада да жүргүзөт. Ушул жылдын аягына чейин фонд тарабынан чакан жана орто бизнести каржылоого 600 миллион сомго жакын каралган. Алдыда долбоор ийгиликтүү ишке ашса сумма көбөйтүлөт. Жалпы каржылоонун жарымы аймактарда долбоорлорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон коммерциялык жана башка кыймылсыз мүлктөрдү сатып алууга жумшалат. Бул долбоордун максаты — өлкөнүн экономикасынын өсүшүнө көмөктөшүү", — деди Курманбеков.
Ошондой эле адис чакан жана орто бизнести колдоо программасы 1-сентябрдан бери иштеп жатканын, каалоочулар коммерциялык банктарга кайрылса болорун кошумчалады.