Быйыл Кыргызстанга 2021-жылга салыштырмалуу 3 эсе көп автоунаа импорттолду

Өткөн жылдын ушул айларында 6,4 миңден бир аз гана ашык унаа Кыргызстанга жеткирилген.
Sputnik
БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын январь айынан июль айына чейин Кыргызстанга 18 881 автоунаа алып келингенин Улуттук статистика комитети билдирди.
Темир тулпарлар ондогон өлкөлөрдөн ташып келинген. Алардын ичинен ири импорттоочулар (миңден ашык):
Грузия — 6 200;
Россия – 3 688;
Түштүк Корея – 3 331;
АКШ — 2 059
Япония – 1 004.
Өткөн жылдын ушул айларында 6,4 миңден бир аз ашык унаа Кыргызстанга жеткирилген.
Белгилей кетсек, 2022-жылдын жети айындагы көрсөткүч бүтүндөй 2021-жылга салыштырмалуу (13 миң автоунаа) көбүрөөк. Анткен менен 2020-жылы өлкөгө 25,6 миң унаа импорттолгон. Бул акыркы беш жылдыктагы эң жогорку көрсөткүч.
Суроо-талап күч автоунаалардын баасы дагы деле өсүп жатат. Инфографика