Баткендеги каргашадан улам Бишкекте өтчү жарыш 9-октябрга жылдырылды

Жарышка 5000дей адам катышары күтүлүп жаткан.
Sputnik
БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Баткендеги каргашага байланыштуу Бишкекте өтчү ири жарым марафон 9-октябрга жылдырылды. Бул тууралуу жарышты уюштуруп жаткан Nomad Sport коомдук бирикмеси билдирди.
Toyboss Snow Leopard Run — 2022 жарым марафону 25-сентябрга белгиленип, 5000дей адам катышары күтүлүп жаткан.
"Тилекке каршы, өлкөдө каргашалуу окуя болду. Биздин команда жакындарын жоготкон, аргасыздан өз үйүн таштап бөлөк жакта баш калкалап жаткан ар бир үй-бүлөгө көңүл айтабыз. Жаралган кырдаалга байланыштуу жарышты жылдыруу чечимине келдик. Түшүнүү менен кабыл аласыздар деп ишенебиз", — деп жазылат кайрылууда.
Старттык баштыкчалар 6-7-октябрда таркатылат.
Радио
Абакирова: быйыл аймактар үчүн да жарым марафон уюштурулат