Бишкекте автоунаа өтө тургандай көпүрө салынды. Сүрөт

Буга чейин аталган көпүрө аркылуу жөө адамдар гана өтө алчу. Бирок ал авариялык абалда болгондуктан бузулган.
Sputnik
БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Бишкекте Турусбеков көчөсүнүн уландысы болгон Манас көчөсүндө автоунаа өтө тургандай чоң көпүрө курулуп, ачылышы болду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Бишкекте Турусбеков көчөсүнүн уландысы болгон Манас көчөсүндө автоунаа өтө тургандай чоң көпүрө курулуп, ачылышы болду
Билдирмеге караганда, буга чейин аталган көпүрө аркылуу жөө адамдар эле өтө алчу. Кийин ал бузулуп, ордуна узундугу 36,5 метр, туурасы 11 метр, эки тарабында туурасы 2,25 метрлик тротуары бар чоң көпүрө салынды.
Көпүрө "Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү" долбоорунун алкагында Кытайдын гранттык каражатынын эсебинен жүргүзүлүп, жол куруу иштерин кытайлык компания жасаган. Ал эми көпүрөнү демонтаждоо иштерин Бишкектин Капиталдык курулуш башкармалыгы аткарганы айтылды.
Баткенде жардырылган 36 метрлик көпүрө бир сыйра оңдолуп ачылды. Видео