Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Баткенде эки кыргыз аскеринин дайыны чыкпай жатат

Тажик тарап жоокерлердин барымтада эмес экенин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Тажикстандын кол салуусунан кийин эки кыргыз аскеринин дайыны чыкпай жатат. Бул туурасында президенттин Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев билдирди.
"Биз өлүү-тирүүсү белгисиз болуп жаткан жоокерлер тууралуу маселе көтөрдүк. Бирок тажик тарап Кыргызстандын төрт гана аскерин барымтага алдык деп ишендирүүдө. Эгер дагы кандайдыр бир маалымат болсо чара көрүп, өткөрүп алуу иштерин жүргүзөбүз", — деди облус башчысы.
Белгилей кетсек, кечээ кечинде тажик тарап барымтага алган төрт жоокер бошотулуп, Кыргызстанга кайтарылган.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Туткундап кетишкен. Дайынсыз делген "Бөрүнүн" жоокери Жамал Тойчиев табылды