Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Тажикстандын кол салуусунан жабыркагандардын саны 185ке жетти

Тажик тарап кол салгандан бери Баткенде кош бойлуу 27 аял аман-эсен көз жарган.
Sputnik
БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Тажикстандын кол салуусунан улам жабыркагандардын саны 185ке жеткенин Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, алардын ичинен 164 адам ооруканада болсо, 21и амбулатордук шартта дарыланууда.
Жабырлануучулардын көпчүлүгү, тагыраагы, 104ү Бишкек менен Оштун ооруканаларында. Калганы Баткендин өзүндө.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Улан Сыдыков Баткен облусундагы абал боюнча маалымат берип, тажик тарап кол салгандан бери кош бойлуу 27 аял аман-эсен көз жарганын билдирди. Самаркандек, Кулунду айылдарындагы төрөтканалар учурда аймактагы кырдаалга байланыштуу иштебей турат.
"Баткендин 11 тургуну гемодиализ процедурасын алыш үчүн Бишкекке жеткирилсе, кант диабети менен жабыркагандарга инсулин берилип жатат. Жакында кошумча партиясы келет", — деген Сыдыков.
Эвакуациялангандар менен дарыгерлер иштеп, карылар менен балдарды жеринде дарылоодо.
Баткенде жардырылган 36 метрлик көпүрө бир сыйра оңдолуп ачылды. Видео