Баткенде жардырылган 36 метрлик көпүрө бир сыйра оңдолуп ачылды. Видео

Көпүрө Көк-Таш — Ак-Сай — Тамдык жолунун 7-чакырымында Дача-Чайхана тилкесинде жайгашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Тажик тарап жардырган Баткен облусундагы 36 метрлик көпүрө бир сыйра оңдолуп, автоунаалар үчүн ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, көпүрө Көк-Таш — Ак-Сай — Тамдык жолунун 7-чакырымында Дача — Чайхана тилкесинде жайгашкан.
"Көпүрөнү калыбына келтирүүгө жети атайын техника тартылган. Учурда ал жактан жүк ташуучу жана жеңил автоунаалар өтө баштады", — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, тажик тарап аталган көпүрөнү 16-сентябрда Кыргызстанга кол салганда жардырышкан.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Кагылышта талкаланган Баткенди калыбына келтирүүгө 500 млн. сом бөлүндү