Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Баткенде өчүрүлгөн 9 831 үйдүн электр энергиясы кайра туташтырылды

Оңдоо иштерине башка облустардан дагы бригадалар барып, 100дөн ашык адис тартылган.
Sputnik
БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Баткен облусунда тажик тараптын кол салуусунан улам бузулган электр тармактарынын инфраструктуралык объектилерин калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ишканасы билдирди.
Белгилей кетсек, куралдуу кагылышууда трансформаторлор жана аба чубалгылары жарактан чыккан. Анын кесепетинен Баткен районунун алты, Лейлектин 32 айылы жарыксыз калган.
"Учурда 9 831 абонент кайрадан электр энергиясына туташтырылды. Алардын 6910у Баткенде, 2921и Лейлекте. Төрт аба чубалгысы өчүк турат, 0,4 кВ электр тармактарында да бузулуулар бар. Аймактарда толук текшерүү жүргүзүлгөн соң келтирилген зыяндар дагы такталат", — деп айтылат маалыматта.
Оңдоо иштерине Баткенден башка облустардан дагы бригадалар барып, 100дөн ашык адис тартылган.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Тажикстандын кол салуусу: Баткенде 10 мектеп, 7 бала бакча жараксыз болуп калды