БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Анкара Самарканд шаарында өткөн ШКУ саммитине катышканы үчүн Евробиримдиктин алдында жооп бербейт. Бул тууралуу өлкө башчысы Режеп Тайип Эрдоган PBS телеканалына маек куруп жатып айтканын Yeni Şafak гезити жазды.
Буга чейин президенттин максаты ШКУга мүчө болуу экенин айткан.
"Европа биримдиги бизди 52 жыл өзүнөн оолак кармап туруп, анан "эмнеге тигил же бул өлкө менен жолугушуп жатасың" деп сурайт бекен? Мен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөм. Бул үчүн Европа биримдигинин алдында жоопкер эмеспиз", — деди Эрдоган.
Түрк лидери бардык мамлекеттердин башчылары менен жолугарын, Россия президенти Владимир Путин менен да, Кытай жетекчиси СИ Цзиньпинь менен да байланышы бар экенин билдирген.
"Мен бардык өлкө менен байланыш түзөм. Анткени биз бир ааламдын бөлүгүбүз", — деди Эрдоган.
Аны менен катар Түркия президенти Европа лидерлери менен жолуккан учурда ага эч ким мындай суроо бербей турганына токтолгон. "Биз алар менен деле ШКУ мамлекеттери менен мамиле түзгөндөй эле баарлаша беребиз", — деп сөзүн аяктады Эрдоган.
Шанхай кызматташтык уюмунун саммити 15-16-сентябрь күндөрү Самаркандда өттү. Жыйын жыйынтыгы менен 44 документке кол коюлган. Иран ШКУдагы милдеттемелер боюнча меморандумга кол коюп уюмга мүчө болууга жол ачса, Беларусту кабыл алуу процедурасынын башталышы боюнча документ бекиди.
ШКУ — 2001-жылы түптөлгөн эл аралык уюм. Ага Индия, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Пакистан жана Өзбекстан мүчө. Афганистан, Беларусь, Иран менен Монголия байкоочу макамына ээ болсо, Азербайжан, Армения, Камбоджа, Непал, Түркия менен Шри-Ланка өнөктөш мамлекеттер болуп саналат. Самарканддагы саммитте Египет менен Катарга өнөктөш макамын ыйгаруу боюнча меморандумдарга кол коюлду. Ал эми өнөктөш мамлекеттердин катарын Бахрейн, Мальдив, Кувейт, БАЭ жана Мьянма толуктамакчы.