Ош, Баткен, Жалал-Абадда директорлор сынагы жылдырылды

Министрликтен сынак качан болору тууралуу кошумча маалымат берилерин айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы мектеп директорлорун дайындоо конкурсу белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, мектеп жетекчилерине сынак кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалга байланыштуу белгиленген мөөнөтүндө өтпөй калды. Министрлик сынак качан болору тууралуу кошумча маалымат берилерин белгиледи.
Эске салсак, мектеп директорлугуна жарыяланган конкурстун биринчи айлампасы бүтүп, экинчи айлампасы башталган.
Бишкектин кайсы мектептеринин директорлору ордун сактап калды. Тизме