БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Тажик тараптан кол салгандардын арасында афган жарандары, экстремисттер жүрдү, алар кыргыз аскерлерин мыкаачылык менен өлтүргөн фактылар бар. Бул туурасында Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов билдирди.
Анын айтымында, чек арачылар, анын ичинде элди эвакуациялап жаткан ӨКМ кызматкеринин сөөгү кордолгон.
"Сөөктү кордоп, мууздап, кулактарын кесип... Буга чейин мындай мыкаачылыкты көргөн эмеспиз. Бул согуштук аракеттерге экстремисттик-террордук уюмдардын өкүлдөрү катышкан белгилер бар. Сакалчан, жөнөкөй кийинип курал көтөрүп жүргөндөрдүн бирөө Афганистандын жараны экенин ошол өлкөнүн бийлиги тастыктады. Андыктан кол салган тараптан экстремисттик-террордук уюмдардын өкүлдөрү, башка өлкөдөн жалданып келген адамдар катышты деп айта алабыз", — деди Иманкулов.
Ошондой эле ал куралданган топ эч кимге баш ийбей аскер күчтөрдү да, жай тургундарды да ылгабай аткылаганын белгиледи.