БАТКЕН, 19-сен. — Sputnik. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен шаарында Аксай аймагынын эли менен жолугуп жатып, ар бир көз жумган жоокер үчүн жоопкер экенин айтты.
"Ата-энелер жоокерлерибизди мамлекетке кызмат кылсын, элибизди коргосун деп биздин колубузга тапшырган эле. Баламдай болуп калган жоокерлерди жоготтум. Бирок мамлекеттин бүтүндүгүн, чек арасын өз калыбында сактап калдык. Баатыр жоокерлерге таазим. Алар акыркы минуталарга чейин элим, жерим деп курман болду. Каза болгон жоокерлердин ата-энелери, мен силердин алдыңарда жоопкермин, балдарыңарды сактап бере албадым", — деди Ташиев.
Ошондой эле ал Баткен эли менен аягына чейин ушул жерде болорун билдирди. Эч ким эч жакка колун шилтеп кетпей турганын, мамлекет толугу менен өзүнүн жарандарын коргоорун белгиледи.
Жолугушуу учурунда жергиликтүүлөр чектеш аймактарда аскердик күчтөрдү күчтөндүрүү, элдин коопсуздугун камсыздоону талап кылышты. Үй-жайы өрттөнгөн жашоочулар баш калкалоо жайы тууралуу маселелерге токтолушту.