Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Садыр Жапаров талкаланган үйлөр чукул арада кайра куруларын убадалады

Соңку маалымат боюнча, Баткенде 282 турак жай талкаланган.
Sputnik
БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Кагылышууда талкаланган, күйгөн үйлөрдү чукул арада кайра курууга мамлекетибизде каражат бар. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров кайрылуусунда билдирди.
"Кудайга шүгүр, казынабыз да куру эмес. Жоокерлерибизди жана кырдаалга байланыштуу жер которгон элибиздин муктаждыктарын толук камсыз кылууга мамлекетибиздин күчү жетет. Бардык мамлекеттик органдар күчөтүлгөн тартипте иш алып барып, каран күнгө кабылган мекендештерибиздин оорун колдон, жеңилин жерден алып, жай турмушту калыбына келтирүүнүн камын көрүшүүдө", — деди Жапаров.
Ошондой эле президент чыдамы кеткен ар бир атуул баскынчылардын жоругуна кайдыгер эмес экендигин билдирип чыкканына токтолду. Өлкөнүн бүт аймагынан ар кандай жардамдарды уюштуруп, Баткенге жөнөтүп жатканын айтып, элдин мындай урагыс биримдигине таазим кылды.
Соңку маалымат боюнча, тажик тараптын кол салуусунан Баткенде 282 турак жай, үч стратегиялык, тогуз социалдык объект жана 300гө чукул чарба курулуш, жашоо тиричилигин камсыздоочу жайлар, тогуз автоунаа өрттөлүп, талкаланган.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Баткенде жабырлангандарга ачылган эсепке 26 млн. сом түштү