Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Бала бакча жаңы бүткөн болчу. Тажик тарап күлгө айланткан Ак-Сай айылынан видео

Sputnik Кыргызстандын кабарчылары чек аралаш жайгашкан Ак-Сай айылына барып, тажик тарап бүлүнтүп кеткен жайларды көрүп келди.
Sputnik
Баткен районунун Ак-Сай айылына 16-сентябрда Тажикстандан аскерлер, уюшкан топтор кол салган. Алар үйлөрдү, мектепти, бала бакчаны, өрт өчүрүү бөлүмүн, тоок фабрикасын жана башка объектилерди өрттөп кеткен.
Ходжаев атындагы мектеп былтыр капиталдык оңдоодон өткөн эле. Эми ал күлгө айланып, окуучуларды кабыл алууга жарабай калды. Бала бакча жаңы эле салынган болчу, 1-сентябрда пайдаланууга берилген.
Ак-Сай Ворух анклавы менен чектешет, ал жакка талап-тонолгон малды жана буюмдарды алып кирип кетишкен. Айылда 500дөй түтүн жашайт, тажик агрессорлору 180 үйдү өрттөгөн.
Тема боюнча:
Эламанга чейин үч баламан айрылгам... Аскердин кан жутуп отурган ата-энеси. Видео