Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Баскынчылар кол салган Ак-Сайдын эмнеси калды? Баткенден тартылган сүрөттөр

Баткен районунун Ак-Сай айылына 16-сентябрда Тажикстандан аскерлер, уюшкан топтор кол салган. Алар үйлөрдү, мектепти, бала бакчаны, өрт өчүрүү бөлүмүн, тоок фабрикасын жана башка объектилерди өрттөп кеткен.
Sputnik
Sputnik Кыргызстандын сүрөт кабарчысы чек аралаш жайгашкан айылдын азыркы көрүнүшүн тартып келди.
1 / 12

Ак-Сай айылында талкаланган үйдө калган балдардын оюнчугу

2 / 12

Айылдын административдик мекемеси аткылоодон кийин

3 / 12

Бул үйдүн дубалына тийген октор мөндүр сымал эле жааган

4 / 12

Аткылоодон кийин калган гильзалар

5 / 12

Ходжаев атындагы мектепте жаткан 5-класстын "Кыргыз тили" китеби

6 / 12

Бул мектеп былтыр капиталдык оңдоодон өткөн эле. Эми ал күлгө айланып, окуучуларды кабыл алууга жарабай калды.

7 / 12

Айыл тургуну тажик аскерлери аткылаган имаратты карап жатат. Бул жердеги дүкөндөр да таланып-тонолгон.

8 / 12

Ак-Сай Ворух анклавына жакын жайгашкан. Сүрөттө анклавдын бир көчөсү.

9 / 12

Тажик тарап жардырган Ак-Суу дарыясындагы 36 метрлик көпүрө

10 / 12

Өрттөлгөн, талкаланган жайларды бийлик органдары каттоого алып, ЖМК өкүлдөрү тартып чыгарууда

11 / 12

Электриктер жарык берүүнү камсыздоо үчүн ишке киришти. Ак-Сайда “Жалал-Абад электр” ишканасынын кызматкерлери иштеп жатат.

12 / 12

Бүгүн Ак-Сай айылында кыргыз аскерлери кайгуул жүргүзүүдө.

Тема боюнча:
Бала бакча жаңы бүткөн болчу. Тажик тарап күлгө айланткан Ак-Сай айылынан видео
Эламанга чейин үч баламан айрылгам... Аскердин кан жутуп отурган ата-энеси. Видео