Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Эсил кайран бир боорум... Кыргызстандын эли бүгүн аза күтүп жатат

Куралдуу кагылышта 59 кыргызстандык набыт болду, арасында жай тургундар дагы бар.
Sputnik
БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Кыргызстан бүгүн Тажикстандын кол салуусунан курман болгон жарандарын жоктоп, аза күтүп жатат.
Куралдуу кагылышта 59 кыргызстандык набыт болду, арасында жай тургундар дагы бар.
Өлкөнүн бардык аймактарында жана чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдө желектер түшүрүлгөн. Маданий мекемелерге жана телерадиокомпанияларга көңүл ачуучу программаларды көрсөтпөө сунушталат.
Sputnik Кыргызстан редакциясы курман болгондордун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Аза кайгыңыздарды тең бөлүшөбүз!
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Түн тынч өттү. Бирок кыргыз-тажик чек арасындагы абал чыңалып турат