Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Эрдигиңер эсте! Чек арадагы жаңжалда курман болгон үч аскердин сөөгү жерге берилди

Маркумдардын бири 22 жашта гана эле. Дагы бири 2021-жылдын апрелиндеги Баткен коогалаңында жарадар болуп, анда көрсөткөн баатырдыгы үчүн Эрдик медалы менен сыйланган.
Sputnik
БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Нарын жана Ысык-Көл облустарында Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда курман болгон үч аскердин сөөгү жерге берилди. Бул тууралуу облустук администрациялардан кабарлады.
Жаңжалда шейит кеткен 26 жаштагы улук лейтенант Бейкут Алмаз уулунун сөөгү кичи мекени Нарындын Эчки-Башы айылында жерге берилди. Ал 2013-жылы Бишкектеги жогорку аскер институтуна тапшырып, окууну 2017-жылы ийгиликтүү аяктап, Баткен облусунун заставаларына бөлүнгөн.
2021-жылдын апрелиндеги Баткен коогалаңында жарадар болуп, анда көрсөткөн баатырдыгы үчүн Эрдик медалы менен сыйланган. Үй-бүлөдө үч бир туугандын улуусу эле. Ата-энеси да аскер кызматкерлери болгон.
Чек ара жаңжалында курман болгон 22 жаштагы Жеңишбек Иманбек уулу да Нарында туулуп-өскөн. Анын сөөгү кичи мекени Миң-Куш айылында жерге берилди. Облустук администрациядан билдиргендей, ал үй-бүлөдө беш бир тууган. Маркум аскерде 2019-жылы кызмат өтөп, келишимдик негизде иштеп жаткан.
Чек арага чептей туруп курман болгондордун бири Агадил Канатбековдун сөөгү Жети-Өгүз районунун Тосор айылында жерге берилди. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнатына облустук, райондук бийлик өкүлдөрү, бир туугандары, айылдаштары катышып, эрдигин эскеришти.
23 жаштагы прапорщик Агадил Канатбеков Жети-Өгүз районуна караштуу Тосор айлында туулган. Ал 2019-жылы аскердик кызматын ийгиликтүү өтөп келген соң 2022-жылдын март айында УКМКнын Чек ара кызматынын Баткендеги 2053 аскер бөлүгүнө келишимдик негизде аскердик кызмат өтөөгө жөнөтүлгөн. Үй-бүлөдө беш бир туугандын төртүнчүсү эле.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Чек ара чырында окко учкан Бектур Исламбек уулунун сөөгү жерге берилди. Сүрөт