Мазаат деген акылдашуу, пикир алмашуу, кеңешүүнү түшүндүрөт. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.
Анын айтымында, учурда тийиштүү маани бере турган сөздү таба албай, орусчасын колдонгон жаштар көп кездешет.
"Көөнө сөздөрдүн арасында "мазаат" деген бар. Анын мааниси акылдашуу, кеңешүү, пикир алмашуу, көйгөйдү талашып-тартышпай чечүүчү жыйынды түшүндүрөт. Бул сөз "Манас" эпосунда дагы кездешет", — деди Талантбеков.
Манасчы көөнө сөздөрдү колдонуу тилди байытууга салым кошорун кошумчалады.