Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Тажик улутундагылар басмырланган жок. ИИМ тажик бийлигинин билдирүүсүн төгүндөдү

Кыргыз бийлиги өлкө жарандарынын баары улутуна карабай корголорун эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматын төгүнгө чыгарды.
Тажик бийлиги бүгүнкү брифингинде Бишкекте жана Кыргызстандын башка ири шаарларында КР жараны болгон тажик улутундагы адамдарды сабап, белгисиз тарапка алып кетип жатканы туурасында айтканы белгиленди.
“Тажикстандын ТИМи тараткан билдирүү чындыкка дал келбейт жана эч кандай фактылар менен тастыкталган эмес. Башка мамлекеттин улутуна же жарандыгына карап эч кандай мыйзамсыз аракеттер же басмырлоо акыркы убакта катталган эмес. Биздин өлкөдө 80ден ашык улуттун өкүлдөрү жашайт. Алар үчүн Кыргызстан мекени болуп эсептелет”, — деп кайрылды ИИМ.
Мындан улам министрлик Кыргызстанда эч ким социалдык, кызматтык жана мүлктүк абалына, жынысына, расасына, улутуна, тилине, динине карата басмырланбастыгын эскертти.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Тажикстан барымтага алган төрт аскерди Кыргызстанга кайтарды