Бишкек: Кытай жаранын дрон менен аңдып карактады делген эки чет элдик кармалды

Кылмыштын бетин ачуу үчүн милиция заманбап маалыматтык технологияларды колдонгон.
Sputnik
БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Базардан чет элдикти ылайыктап таап, GPS, дрон аркылуу жүргөн-турган жерлерин аңдып, андан соң карактаган топ кармалды. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Уюшулган бул топтун чет элдиктерге каракчылык менен кол салып турушканы айтылды.
1 / 3

Базардан чет элдикти ылайыктап таап, GPS, дрон аркылуу жүргөн-турган жерлерин аңдып, андан соң карактаган топ кармалды

2 / 3

Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты

3 / 3

Уюшулган бул топтун чет элдиктерге каракчылык менен кол салып турушканы айтылды

Буга чейин Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына Ч.Я. аттуу Кытай жараны кайрылып, үйүнө кирип каракчылык менен акча, буюмдарын тоноп кеткендер боюнча арызданган.
"Окуя 13-сентябрда болгон. Алар саат 17:00 ченде аталган чет элдиктин үйүнө кирип, аялын тапанча менен коркутуп таңып коюп, күйөөсү келгенче батиринде күтүп отурушкан. Саат 23:00 чамасында келгенде аны кармап, коркутуп акча, баалуу буюмдарды талап кылышкан. Жыйынтыгында 100 миң сом, уюлдук телефондорду, планшеттерди жана ноутбуктарды алып кетишкен", — айтылган милиция тараткан маалыматта.
Свердлов РИИБи Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси ("Каракчылык") менен иш козгогон. ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 2-башкармалыгынын, Бишкек ШИИББдин жана Свердлов РИИБдин ыкчам кызматкерлери кылмышка шектелген жарандарды кармаган. Алар КМШ мамлекеттеринин 22 жана 31 жаштагы жарандары экени белгилүү болду.
Бул кылмыштын бетин ачуу үчүн ички иштер органдары заманбап маалыматтык технологияларды колдонушканы айтылды. Кармалгандардын жашаган жерин тинткенде Макаров тапанчасына окшош курал, шаймандар жана жабдуулардын топтому, дрондор чыккан. Милициядан ал кишилердин ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу текшерилип, иликтөө жүрүп жатканын айтышты.
Бишкекте 80 жаштагы кемпирдин алтын чынжырын жула качкан киши кармалды. Видео