БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Тажикстандын баскынчылыгынан улам кыргыз-тажик чек арасында жабырланган калкты колдоо үчүн ачылган эсепке кыргызстандыктардан, башка ыктыярчылардан 26 072 750,40 сом түштү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен кабарлады.
Бул эсеп Баткендегилерге материалдык колдоо көрсөтүү үчүн ачылып, ага Кыргызстандын ар кыл аймагынан жардамын кошкондор арбыды.
Тажикстандын Кыргызстанга баскынчылыгы
Тажик тараптын кол салуусунан 59 кыргызстандык набыт болду, арасында жай тургундар, жаш балдар бар. 169 киши ар кандай жаракат алган, оор абалдагылар Ош жана Бишкектеги ооруканаларга жеткирилип жатат.
14-сентябрь күнү тажик аскерлери Баткенде чек арага жакын аймактарга ок чыгарып, сүйлөшүүдөн кийин токтогон болчу. Бирок 16-сентябрдын таңында Баткен облусунун бардык чек ара тилкесин аткылап кирген. Кагылышууга тажик аскерлери эле эмес, жалданма топтор дагы аралашкан.
Кыргызстандын Чек ара кызматы күч түзүмдөрү тажик тарап Кыргызстан аймагын басып алуу максатында оор техникаларды, авиация, "Град" ракеталык системасын колдонуп жатканын кабарлады.
Эки өлкөнүн УКМК төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов атышууну токтотууга макулдашкан. Бирок ага карабай тажик тарап кайра ок чыгарган. Миномёттун снаряддары Баткен шаарынын чок ортосуна дагы түшүп жатты.
17-сентябрда Оштун Чоң-Алай районундагы заставаларды аткылай баштаган.
Тажикстандын аскерлери, жөнөкөй жарандары жана белгисиз топтор Баткен менен Лейлек райондорундагы ондогон үйлөрдү, социалдык объектилерди, дүкөндөрдү талап-тоноп, өрттөп кетишкен.
18-сентябрда атышуу токтоду, бирок абал чыңалган бойдон турат.
Кыргызстан расмий түрдө окуяны "Тажикстандын алдын ала даярдалган агрессиялык куралдуу кол салуусу" деп атады.