Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Баткенде дайынсыз болуп жаткан 4 кыргызстандык тоонун арасынан табылды

Алар Ак-Сай айылынын тургундары экени белгилүү болду.
Sputnik
БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан улам дайынсыз болуп жаткан төрт адам табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдирди.
Алар Ак-Сай айылынын тургундары экени белгилүү болду.
"Төртөө тең куралдуу кагылышуу учурунда Мойнок тоосун көздөй качып, ошол жерде жашынып жаткан", — деп айтылат билдирүүдө.
Кечээ аларды ӨКМ кызматкерлери таап, арасында улгайган адам болгондуктан, бардыгы тик учак менен Баткенге жеткирилген.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Садыр Жапаров түз эфирден элге кайрылуу жасайт