Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Тажикстандын кол салуусунан набыт болгон 5 адамдын аты-жөнү аныктала элек

Соңку расмий маалымат боюнча, куралдуу кол салуудан 59 кыргызстандык каза болду.
Sputnik
БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Тажикстандын кол салуусунан набыт болгон беш кишинин аты-жөнү тактала элек. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Жаркынбек Касымбеков ЖКнын тармактык комитетинин жыйынында билдирди.
"Тилекке каршы, учурда ким экени аныктала элек беш киши бар. Баткендеги өлүкканаларга адамдардын сөөгү дагы деле келип жатат", — деди Касымбеков.
Соңку расмий маалымат боюнча, Тажикстандын Кыргызстанга агрессиялык кол салуусунан 59 адам набыт болду. 169 киши ар кандай жаракат алган, оор абалдагылар Ош жана Бишкектеги ооруканаларга жеткирилип жатат.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Баткенде дайынсыз болуп жаткан 4 кыргызстандык тоонун арасынан табылды