Келерки аптада Чүйдө аба ырайы кандай болору айтылды

Апта ичи Чүйдө аба ырайы өзгөрүп турмакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келерки жумада Ош облусунда аба ырайы кандай болорун божомолдоду.
Билдирмеге караганда, апта ичи Чүйдө аба ырайы өзгөрүп турмакчы. Тоолуу аймактарда бир жума бою өткүн өтүп, жамгыр жаашы күтүлүүдө. Өрөөндөрдө 21-22-сентябрда гана жамгыр жаай турганы айтылды. Башка күндөрү дыйканчылык аймактарда, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы күндүз 25...30 градуска чейин чыгат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетиши ыктымал.
Алдыдагы аптада күн ысыйбы? Баткен облусундагы аба ырайы