БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Тайвань менен Кытайдын ортосунда аскердик жаңжал чыкса, Вашингтон аралды коргойт. Бул тууралуу АКШнын президенти Жо Байдендин CBS телеканалына берген маегине шилтеме кылып РИА Новости жазды.
"Ооба, Тайванды коргойбуз. Коргойбуз деп мурда эле убада бергенбиз. "Бирдиктүү Кытай" саясаты бар экенин моюндайбыз. Ошол эле учурда Тайвань эгемендүүлүк боюнча өз алдынча чечим кабыл алышы керек деген позицияны карманабыз", — деди Байден.
Тайвандын тегерегиндеги кырдаал август айында АКШ Конгрессинин өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Тайбэйге келгенден кийин курчуп кеткен. Буга жооп кылып Пекин аралдын жээгинде ири масштабдуу аскердик машыгууларды баштаган. Андан тышкары, Тайвандын эки фондусуна, Пелосинин өзүнө жана анын жакындарына санкция киргизген. Кытайдын Тышкы иштер министрлиги бардык терс кесепеттер үчүн жоопкерчиликти Вашингтон менен Тайбэйге жүктөгөн.
Кытай Тайвандын суверенитетин тааныбайт жана башка мамлекеттердин аны менен өз алдынча мамиле курулушуна каршы болуп келет.